Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 02:28

Коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн келгенин жашыргандар аныкталды


"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн келгенин жашырган Кыргызстандын 13 жараны аныкталды. Алар чек арадан жалпы жарандык паспортун көрсөтпөй ID-карта менен өткөнгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жалбиев билдирди.

«Алар акыркы 30 күндүн ичинде коронавирус көп катталган өлкөлөрдө болушкан. Жалпы жарандык паспортто өзгөчө белгилери деген барак бар. Анда кайсы өлкөгө барышса, кирип-чыкканын тастыктаган белгилер коюлат. Алар чек арадагы кошумча текшерүүлөрдөн качып, ID-карта менен өткөнгө аракет кылышкан», - деп билдирди Жалбиев.

Кыргызстан өпкөнү сезгенткен коронавирус эң көп катталган Кытайдын, Түштүк Кореянын, Ирандын, Италиянын жана Жапониянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизген. Бул мамлекеттерде акыркы 30 күндө болуп келген кыргызстандыктардын ден соолугу текшерилип, карантинге алынат.

Андан тышкары жарандарга Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салынган. Жалпы жарандык паспорту жоктор ID-карта менен өтө алышат. Бирок чек арадан жалпы жарандык паспорту бар-жогу текшерилет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG