Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Француз парламентинин депутаты вирус жуктуруп алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Францияда коронавирус жугузуп алган парламент депутаты ооруканага жаткырылды. Улуттук Ассамблеянын төрагасы Ришар Ферран ушул тапта реанимацияда экенин билдирди.

Ооруган депутаттын аты-жөнү ачык айтылган жок, ал Эльзас аймагынан шайланып келгени, оппозициялык "Республикачылар" фракциясынан экени гана белгилүү болду.

Парламенттин ашканасы жана рестораны убактылуу жабылды. Бул жагдай Улуттук Ассамблеянын мындан аркы ишине кандай таасир этери азырынча белгисиз. Мунун алдында Францияда ооруну жаңыдан жуктуруп алган жүздөн ашык адам катталган. Бул өлкөдө вируска кабылгандардын саны 500гө чукулдап калды. Президент Эммануэл Макрон "эпидемиядан буйтап өтүү мүмкүн эмес" экенин эскертип, даярдык-сактык чараларын күчөтүүнү тапшырды.


Европада вирус тез жайылып жатат. Италияда ооругандар үч миңден ашып, 150дөй адам ажал тапты. Германияда болсо 500дөн ашык учур катталды.

Дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вирус жуктуруп алгандар 100 миңге жетейин деп калды жана андан үч миңден ашык адам ажал тапты.

Азыр Түштүк Кореяда жана Иранда жагдай оор. АКШда илдетке кабылгандар 200дөн ашты. Конгресс оорунун алдын алуу, ага каршы күрөштү күчөтүү максатында 8 миллиард доллар бөлүп берди.

XS
SM
MD
LG