Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:35

Бишкектин тургуну аялы менен уулун бычактап, өзү асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин 5-кичи районунда үй-бүлөлүк чырдан улам эркек киши уулу менен аялын бычактап, өзү асынып алды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция тараткан маалымат боюнча, окуя тууралуу 6-мартта саат 12:00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге Октябрь райондук милициясынын ыкчам иликтөө тобу барып көп кабаттуу үйдөгү батирдин биринен бычакталган аялдын сөөгүн жана жуунучу бөлмөдө асынып алган эркек кишини көрүшкөн.

«Тез жардам» кызматы бычак жеген 10 жаштагы баланы Бишкек шаардык №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алып кеткен. Реанимацияга жаткырылган баланын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Окуя болгон жерде Бишкек шаардык милициясы, Октябрь районунун прокуратурасы жана милиция иштеп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG