Бул тууралуу «Азаттыкка» кызматын тапшырган мэр Кутугали Козубаев өзү кабарлады. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кызматын тапшырганын айтты. Козубаев 2017-жылдын октябрь айында Кара-Суу шаарынын мэрлигине дайындалган.
Ош облусунун Кара-Суу шаарында 25 500 адам жашайт. Шаардын бир жылдык бюджети 70 миллион сомду түзөт. Кара-Суу шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Шавкат Осмоналиев аткарып турат. (MdN)