Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Кабул: Абдулла Абдулла катышкан иш-чарадагы кол салууда 27 адам өлдү


Ооганстандын борбору Кабул шаарында аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышып жаткан иш-чарадагы кол салууда бери дегенде 27 адам өлүп, дагы 30дай киши жарадар болду.

Алар Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан. Абдулла Абдулла жабыркаган жок.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими окуя болгон жерге кошумча күч жөнөтүлгөнүн, маал-маалы менен атышуу болуп жатканын билдирди. "Талибан" кыймылы бул кол салууну уюштурганын мойнуна алган жок.

Президент Ашраф Гани "Твиттердеги" баракчасына бул окуяны "оогандардын улуттук биримдигине каршы ырайымсыз кылмыш" деп сыпаттады жана "коопсуздук күчтөрү ок чыгаргандар менен аёосуз күрөшөт" деп эскертти.

Былтыр 7-мартта Кабулда Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда да бир канча жардыруу болгон. Ага да Абдулла Абдулла баштаган жогорку кызмат адамдары катышкан. Бул окуяда үч адам өлүп, 30дай киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG