Иранда жума күнү, 6-мартта бул ооруну жуктуруп алган миңден ашуун адам катталды.
Вирус дүйнө жүзү боюнча 3400дөй адамдын өмүрүн жалмады. Илдеттен 55 миңге чукул киши айыгып чыкты.
Мунун алдында АКШнын Калифорния штатында эки жүргүнчү вирус жуктуруп алганы белгилүү болгондон кийин "Grand Princess" саякат кемеси карантинге алынган. Алар кемеге Сан-Францискодон 21-февралда түшкөнү белгилүү болгон. Саламаттыгы начар, өнөкөт оорусу бар 71 жаштагы жүргүнчү каза болгон.
АКШда илдетке кабылгандар 200дөн ашты. Конгресс оорунун алдын алуу, ага каршы күрөштү күчөтүү максатында 8 миллиард доллар бөлдү.
Францияда коронавирус жугузуп алган парламент депутаты ооруканага жаткырылды. Улуттук Ассамблеянын төрагасы Ришар Ферран ушул тапта реанимацияда экенин билдирди.
Ооруган депутаттын аты-жөнү ачык айтылган жок, ал Эльзас аймагынан шайланып келгени, оппозициялык "Республикачылар" фракциясынан экени гана белгилүү болду.
Парламенттин ашканасы жана рестораны убактылуу жабылды. Бул жагдай Улуттук Ассамблеянын мындан аркы ишине кандай таасир этери азырынча белгисиз. Мунун алдында Францияда ооруну жаңыдан жуктуруп алган жүздөн ашуун адам катталган. Бул өлкөдө вируска кабылгандардын саны 500гө чукулдап калды. Президент Эммануэл Макрон "эпидемиядан буйтап өтүү мүмкүн эмес" экенин эскертип, даярдык, сактык чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Европада вирус тез жайылып жатат. Италияда ооругандар үч миңден ашып, 150дөй адам ажал тапты. Германияда болсо 500дөн ашык учур катталды. Азыр Түштүк Кореяда менен Иранда жагдай оор болуп турат.