Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 18:55

Свердлов райондук соту митингди чектөө тууралуу арызды караган жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук соту райондук бийликтин митингдерге тыюу салуу тууралуу арызын караган жок. Мындай аныктаманы райондук сот 6-мартта чыгарды. Буга Бишкек мэриясынын Свердлов райондук акимчиликтин сотко берген арызын кайтарып алышы себеп болду. Райондук акимчилик соттон 4-марттан 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүнү чектөөнү суранган. Бишкек мэриясы арызды чакыртып алуунун себебин айткан жок. Ошондой эле шаардын Биринчи май, Свердлов райондук сотторунун чечимдерине байланыштуу пикирин билдире элек.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин райондорунун бийликтеринин арыздарынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө быйылкы жылдын 1-июлуна чейин чектөө киргизген.

Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган. Бул чечимдер 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө болжолдонуп жаткан «Аялдардын шериктештик маршын” да чектеди.

5-мартта коронавирустун алдын алуу штабынын сунушу менен өлкөдө жакынкы аралыкка белгиленген бардык массалык иш-чаралар токтотулган. Сунуш бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG