Австриянын бийлиги бул өлкөдөн башпаанек сурап жаткан тажик жараны Хизбулло Шовализоданы Дүйшөмбүгө экстрадиция кылды. Тажикстандын Башкы прокуратурасы ал учактан түшөрү менен эле камакка алынганын маалымдады. Буга чейин чет жактарда жүргөн тажик оппозициячылары Шовализода мекенинде кыйноого кабыларын билдиришип, расмий Венадан чечимин кайра карап чыгууну өтүнүп жаткан.
29 жаштагы Шовализода Венага мындан бир жыл мурда келген жана бул өлкөдөн башпаанек сурап жаткан. Ал Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 22-январда камакка алынган. Бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Вайсаиддин Одинаев ал кайсы бир партиянын мүчөсү эмес экенин да билдирген.
Тажик бийлиги Шовализодага бул өлкөдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү жана өлкөдө бийликти кулатууга аракет кылган топко кошулган деген айып таккан.
Былтыр 25-сентябрда Польшанын бийлиги тажикстандык жаран, «Группа 24» кыймылынын мүчөсү Мустафо Хаетовду тажик бийлигине өткөрүп берген. Кыймыл Хаетов мекенинде кыйноого кабылат деген тынчсыздануусун билдирген. Бирок Дүйшөмбү шаарына баргандан кийин Хаетов эч кандай кыйноого кабылбаганын айтып чыккан.
Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясынын" бир топ мүчөлөрү жана алардын тарапташтары камакка алынып, айрымдары узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Дүйшөмбү бул партияны 2015-жылы террорчул топко теңеп, ишмердигине тыюу салган.
Ушу тапта Тажикстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган 17 саясий партия жана уюм бар.