Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Орусияда дагы алты адамга вирус жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 6-мартта өпкөнү сезгенткен вирус дагы алты адамдан табылды. Бул тууралуу Инфекцияга каршы күрөш боюнча ыкчам штаб кабарлады. Анда беш адам Москвада, бир киши Нижний Новгороддо аныкталды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, алардын баары жакында эле Италияга барып келишкен. Ошентип Орусияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11ге жетти.

Мунун алдында Москва шаарынын мэри Сергей Собянин "күчөтүлгөн даярдык режими" тууралуу буйрук чыгарган. Ага ылайык, вирус тез жайылып жаткан өлкөгө барып келген жарандар сапары тууралуу бийликке сөзсүз билдириши керек жана 14 күн карантинде жатышы зарыл. Ошондой эле ишкана-мекемелерде кызматкер, жумушчулардын дене табын маал-маалы менен өлчөп туруу да каралган.

Жеригиликтүү айрым басылмалар Москва шаарынын бийлиги эпидемияга даярдык көрүп жатканын жазышкан.

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 100 миңден ашты. Иранда жума күнү, 6-мартта бул ооруну жуктуруп алган миңден ашуун адам катталды. Вирус дүйнө жүзү боюнча 3400дөй адамдын өмүрүн жалмады. Илдеттен 55 миңге чукул киши айыгып чыкты.

АКШнын Калифорния штатында эки жүргүнчү вирус жуктуруп алганы белгилүү болгондон кийин "Grand Princess" саякат кемеси карантинге алынган. Алар кемеге Сан-Францискодон 21-февралда түшкөнү белгилүү болгон. Саламаттыгы начар, өнөкөт оорусу бар 71 жаштагы жүргүнчү каза болгон.



АКШда илдетке кабылгандар 200дөн ашты. Конгресс оорунун алдын алуу, ага каршы күрөштү күчөтүү максатында 8 миллиард доллар бөлдү.

Францияда коронавирус жугузуп алган парламент депутаты ооруканага жаткырылды. Европада вирус тез жайылып жатат. Италияда ооругандар үч миңден ашып, 150дөй адам ажал тапты. Германияда болсо 500дөн ашык учур катталды. Азыр Түштүк Кореяда менен Иранда жагдай оор болуп турат.

XS
SM
MD
LG