Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:09

Кабулдагы кол салууда өлгөндөрдүн саны 32ге жетти


Ооганстандын борбору Кабул шаарында өкмөт башчы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан эскерүү иш-чарасындагы чабуулда бери дегенде дагы 58 адам жараат алды. Ички иштер министрлиги күч органдары "үч жоочуну атып өлтүргөнүн" кабарлады.

Ооган бийлик башчылары Кабулда Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан эле. "Талибан" кыймылы бул кол салууну уюштурганын мойнуна алган жок.

Президент Ашраф Гани "Твиттердеги" баракчасына бул окуяны "оогандардын улуттук биримдигине каршы ырайымсыз кылмыш" деп сыпаттады жана "коопсуздук күчтөрү ок чыгаргандар менен аёосуз күрөшөт" деп эскертти.

Былтыр 7-мартта Кабулда Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда да бир канча жардыруу болгон. Ага да Абдулла Абдулла баштаган жогорку кызмат адамдары катышкан. Бул окуяда үч адам өлүп, 30дай киши жараат алган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG