Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Өкмөт: Азык-түлүк жетиштүү, тынчсызданууга негиз жок


Коронавирустун экономикага тийгизген таасири боюнча кыргыз өкмөтү жыйын өткөрдү. Анда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “азык-түлүк жетиштүү жана жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок” деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Асрандиевдин айтымында, мамлекеттик органдар соода түйүндөрүндөгү азык-түлүк баасына мониторинг жүргүзүүдө. Кытайдан азык-түлүк аз өлчөмдө гана импорттолгонуна байланыштуу чек аранын жабылышы тамак-аш тартыштыгын жаратпайт.

Өкмөттүн эсебинде жеңил өнөр жай тармагындагы чийки зат эки айга жетет. Жыйында Кытайдын түндүгүнөн Европа жана Борбор Азияга поезд аркылуу жүктөрдү жөнөтүү штаттык режимде калыбына келтирилгени белгилүү болду.

Дүйнөдө коркунучтуу илдеттин жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча штаб 3-марттагы Коопсуздук кеңешинин сунушу менен түзүлгөн.

Анын башчылыгына вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бекитилген.

Коронавирус оорусу күч алганына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабылган.

XS
SM
MD
LG