Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Муфтият коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөт


Бишкек шаарындагы мечит.
Бишкек шаарындагы мечит.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, өлкө аймагындагы казыят, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда, диний жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Муфтият диниятчыларга республикадагы бардык мечиттерди таза кармоого, жайнамаздарды дезинфекциялоого тапшырма берди.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн республикалык штаб кыргызстандыктарды массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөгө жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууга чакырууда. Учурда Кыргызстанда вирус жуккан учур катталган жок.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 6-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында азырынча мектептерде жана жогорку окуу жайларында окууну токтотууга негиз жок экенин айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG