Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

АКШ айыптаган ишкер Тиньков лейкемия менен ооруп жатканын айтты


Олег Тиньков
Олег Тиньков

АКШ миллиардаган доллар мүлкүн жашырууга айыптап жаткан орусиялык ишкер Олег Тиньков лейкемия (кан рагы) менен ооруп жатканын жарыялады. Бул тууралуу Forbes журналы бизнесмендин өкүлүнө таянып жазып чыкты.

Анын маалыматында, Тиньковдун диагнозу 2019-жылдын октябрь айында аныкталган. Андан бери бир нече жолу химиотерапия алган. Ишкер оорусу бизнесине таасир этпесин белгилеген. Тиньковдун мындай билдирүүсүнөн кийин Лондондогу биржада "Тинькофф банктын” акцияларынын баасы төмөндөдү.

АКШ орусиялык ишкер Олег Тиньковду миллиардаган доллар мүлкүн жашырууга айыптоодо. Күнөөсү аныкталса, ал алты жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Тиньков 1996-жылдан бери АКШнын жараны болгон жана алты жыл бул өлкөдө жашаган. 2013-жылы анын TCS Group компаниясы (ал Тинькофф банкын башкарат) акцияларын ачык жарыялагандан кийин АКШ жарандыгынан баш тарткан.

Банк Лондон биржасында 3 миллиард 200 миллион долларга бааланган. Жарандыктан чыгаар алдында бизнесмен салык төлөшү керек болгон. Айыптоо бүтүмүнө ылайык, ал кирешесин он эсеге азайтып көрсөткөн.

Тиньковго тагылган айыптоолор ырасталса, ишкер алты жылга чейин эркинен ажыратылып, 500 миң доллар айып пул төлөйт. Ал мындан тышкары төлөнбөй калган салыктарды дагы казынага төгүшү керек. Тиньков азырынча айыптоо боюнча үн ката элек. Бизнесмен учурда Лондондо, сот аны АКШга өткөрүп берүү маселесин кароодо.

Тиньков 20 миллион фунт стерлинг күрөө менен бошотулган, азырынча өлкөдөн чыга албайт жана өз батиринде гана түнөп, полициянын текшерүүсүнөн өтүп турушу керек. Аны электрондук билериктин жардамы менен көзөмөлдөшүүдө. Ал полицияга Орусиянын жана Кипрдин паспортун, Италияда жашоого укук берген документин тапшырган.

"Тинькофф-банк" Орусияда ири жыйырма банктын катарына кирет, активдери 600 миллион рублга бааланган. Forbes журналы анын байлыгын 2 миллиард 200 миллион долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG