Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:22

Өкмөт коронавируска байланыштуу чыгашаларды азайтышы мүмкүн


Өкмөт жыйыны. 6-март 2020-жыл.

6-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу кризиске каршы кыска жана узак мөөнөттүү иш-чаралардын планын бекитүүнү карады.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Экинчи блок – бул бюджетти коргоо. Коронавирус инфекциясынан улам аргасыз иш-чараларга байланыштуу киреше төмөн болушу мүмкүн. Андыктан чыгашаларды оптимизациялоо боюнча иш-чаралар каралышы кажет”, – деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен планда реалдуу абал чагылдырылышы керектигин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү экономикалык тобокелдиктерди, бизнести колдоонун комплекстүү чараларын көрүүнү, ата мекендик ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кароону сунуштаган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG