Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

“Grand Princess" кемесиндеги 21 кишиге коронавирус жукканы аныкталды


Калифорния штатындагы "Grand Princess" саякат кемесиндеги 21 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Майк Пенс маалымдады. Алардын экөө жүргүнчү, он тогузу экипаж мүчөсү болгон.

Эки жүргүнчү вирус жуктуруп алганы белгилүү болгондон кийин "Grand Princess" саякат кемеси карантинге алынган. Алар кемеге 21-февралда Сан-Францискодон түшкөнү белгилүү болгон. Саламаттыгы начар, өнөкөт оорусу бар 71 жаштагы жүргүнчү каза болгон. “Grand Princess" саякат кемесинде жалпы жонунан 3500 жүргүнчү бар. Алардын төртөө орусиялык жарандар.

АКШ бийлиги лайнерди коммерциялык портко алып келүүнү чечти. Ал жактан бардык жүргүнчү текшерүүгө алынат. АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус менен күрөшүүгө 8 миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Ал документти Конгресс колдоп берди.

Буга чейин Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тарта вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашуун киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган.

COVID-19 – деп аталган вирус 2019-жылдын аягында Кытайда тараган. Учурда 100 миңдей адам ооруп жатат. 3000ден ашык адам каза болду. Вирус 97 өлкөдөн катталды.

XS
SM
MD
LG