Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

"Новый ритм": Ошто жүрүшкө байланыштуу коркутуулар болду


Аялдардын тилектештик маршынын катышуучусу. 2019-жыл. (Архивдеги сүрөт)
Аялдардын тилектештик маршынын катышуучусу. 2019-жыл. (Архивдеги сүрөт)

"Новый ритм" коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлиза Абдыжапарова уюмдун 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө тилектештик маршын өткөрүү демилгесине байланыштуу "мамлекеттик органдар коркутту" деп "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Мэриядан чалып коркутушту. "Колуңарды кайрып алып кетебиз" дешти. Артынан эле Ош ШИИБден чалышты. "Эгерде чыга турган болсоңор силер менен башкача сүйлөшөм. Юристти алып кеңсеме" кел деди. Милициянын кызматкери "Чыкпайсыңар, эгер чыксаңар, силерге бир нерсе болот. Биз силердин коопсуздугуңарга жооп бербейбиз" деп айтты", - деди Абдыжапарова.

Абдыжапарова милициядан чалган кызматкер өзүн Мирлан Турдалиев деп тааныштырганын, "чагым болсо уюштуруучуларды камайбыз" деп айтканын кошумчалады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "коркутуу болгондугу тууралуу маалыматым жок" деп, жогоруда аты аталган милиция кызматкеринин тек-жайы такталарын билдирди. Анын айтымында, милиция маршты өткөрүүгө тыюу сала албайт, бирок сунуш берилген.

"Новый ритм" мурдараак жергиликтүү бийлик коронавирусту алдын алуу максатында тынчтык маршын өткөрүүгө тыюу салганын, ошондуктан юридикалык, психологиялык кеңештерди, талкууларды кеңседе өткөрүү менен чектелерин билдирген. Гүлиза Абдыжапарова бирикме жүрүшкө чыгуу чечимин кайрадан 6-мартта кабыл алганын, бирок акыркы телефон чалуудан кийин жүрүшкө чыкпай турганын кабарлады.

"Новый ритм" коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Уюм аялдардын укугунун сакталышына, гендердик теңчиликке арналган иш-чараларды өткөрүп келет. 2017-жылдан бери жыл сайын 8-мартта жүрүшкө чыгышат.

Коронавирусту алдын алуу боюнча премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев жетектеген республикалык штаб жакынкы аралыкка белгиленген бардык массалык иш-чараларга убактылуу чектөө киргизүү сунушун берген. Бул сунуш бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына таратылганы мурда кабарланган. (DU)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG