Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Мектепти оңдоого тендерди кылмыштуу топтун мүчөсү утуп алган


Ички иштер министрлигинин аймак аралык башкармалыгы Баткендеги Кадамжай районунун айылдарынын бириндеги мектепти оңдоо үчүн тендерден утуп алып, милдетин аткарбай жүргөн ишкананын жетекчиси кармалганын маалымдады. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын маалыматында, алдамчылыкка шектелип жаткан 37 жаштагы адам мурда соттолгон жана Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган.

Тендерден утуп алган шектүүнүн ишканасы мектепти оңдоо үчүн 103 миң сомдон ашык акча алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG