Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Президент Жээнбеков аялдарды куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Президент куттуктоо сөзүндө энелерди жана балдарды коргоо мамлекеттик органдарынын артыкчылыктуу милдети болоорун белгилеген.

“Элибизде энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып келет. Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат. Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк да асыл зат аялдарга таандык”, – деди Жээнбеков.

Кыргызстанда бул күн жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда майрамга арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.

Бишкекте бул күнү «Аялдардын шериктештик маршы» өтөт. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылат. Жүрүш саат 12:00дө Жеңиш аянтынан башталат. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен.

XS
SM
MD
LG