Ош шаарындагы "Новый ритм" коомдук бирикмесинин кеңсесинде Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына юристтердин, психологдордун, сексуалдык жана репродуктивдик укук боюнча адистердин катышуусунда жыйын өтүүдө. Ага 30га чукул адам катышып жатат.
Коомдук бирикме 8-март күнү жөө жүрүш өткөрүүнү пландаган. Бирок жергиликтүү бийлик маршка тыюу салган. "Новый ритмдин" төрайымы Гүлиза Абдыжапарова тилектештик маршын өткөрүү демилгесине байланыштуу "мамлекеттик органдар коркутту" деп "Азаттык" радиосуна билдирген.
"Мэриядан чалып коркутушту. "Колуңарды кайрып алып кетебиз" дешти. Артынан эле Ош ШИИБден чалышты. "Эгерде чыга турган болсоңор силер менен башкача сүйлөшөм. Юристти алып кеңсеме" кел деди. Милициянын кызматкери "Чыкпайсыңар, эгер чыксаңар, силерге бир нерсе болот. Биз силердин коопсуздугуңарга жооп бербейбиз" деп айтты", - деди Абдыжапарова.
Ош ШИИБ бул маалыматты териштирүүдө, ал эми мэрия коркутуу тууралуу дооматты четке какты.
"Новый ритм" коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Уюм аялдардын укугунун сакталышына, гендердик теңчиликке арналган иш-чараларды өткөрүп келет. 2017-жылдан бери жыл сайын 8-мартта жүрүшкө чыгышат.
Коронавирусту алдын алуу боюнча премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев жетектеген республикалык штаб жакынкы аралыкка белгиленген бардык массалык иш-чараларга убактылуу чектөө киргизүү сунушун берген. Бул сунуш бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына таратылганы мурда кабарланган. (DU)