Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Ошурахунова: 50дөй кыз кармалды, алар түшүнүк кат жазууда


Укук коргоочу Динара Ошурахунова зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучулары менен кошо кармалып чыкты. Ал Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө келген учурда милиция аны имаратка киргизип кеткен. Ошурахунованын айтымында, милиция имаратынын ичинде элүүдөй кыз кармалып турат. Алар милицияга түшүнүк кат жазышууда.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова адвокаттар милициянын имаратына кире албай жатканын айтты.


Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.


Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев Биринчи май, Ленин, Октябрь райондук соттордун чечими менен киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылуу даярдалып жатканын билдирген. Митингдерге, жүрүштөргө чектөө киргизүү аракеттери аялдар маршын өткөрүү демилгеси жарыяланган учурга тушташ башталган.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата белгиленген жүрүштө аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылмак. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG