Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 03:46

"Сорос-Кыргызстан" милициянын жүрүш маалындагы аракетин айыптады


"Сорос-Кыргызстан" фонду Бишкекте зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыптады. Фонд бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

«Марштын катышуучуларына кол салгандарды жана укук коргоо органдарынын жарандардын тынч чогулууга болгон укугун коргоодогу аракетсиздигин чечкиндүү түрдө айыптап, мыйзамдуулукту орнотууга чакырабыз».

Ал эми «Үмүт-2020» саясий кыймылы жүрүштө чагымчыларга чара көрүлбөгөнүн сындап, Ички иштер министрлигинин, Бишкек мэриясынын жетекчилерин кызматтан кетишин талап кылууда.

Зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучулары менен кошо кармалып чыккан укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, милиция имаратынын ичинде элүүдөй кыз кармалып турат. Алар милицияга түшүнүк кат жазышууда.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова адвокаттар милициянын имаратына кире албай жатканын айтты.


Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG