Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Шыкмаматов: аялдардын кармалышы өлкөнүн аброюна шек келтирет


Милиция марштын катышуучуларын автобуска салып кетти. 8-март, 2020-жыл.
Милиция марштын катышуучуларын автобуска салып кетти. 8-март, 2020-жыл.

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов зомбулукка каршы жүрүшкө чыккандардын кармалышы боюнча бийликке сын айтты. Шыкмаматов "милиция чагымчыларды колдонуп, тынч жыйындын катышуучуларын кармаганы эл аралык коомчулукта Кыргызстандын аброюна шек келтирет", - деди.

- Алар чыкты, "аялдардын укугу сакталышы керек, зомбулук болбосун" деди. Анын эмнеси жаман? Муну эл аралык медиа каражаттары чагылдырып жатат. Бийлик чагым кылып, уюштуруучуларды камап салганы эл аралык коомчулуктун сынына кабылат.

Экс-депутат Кыргызстан адам укугу багытында эл аралык келишимдерди сакташы керек экенин кошумчалады.

Жүрүшкө чыккандар зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00


Бүгүн Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер болду.

XS
SM
MD
LG