Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан 83 аялга мунапыс берди.
Жарлыкка ылайык, алардын 58и абактан бошотулуп, 25инин жаза мөөнөтү кыскартылат.
Мунапыска кабылгандардын жетөө чет өлкө жарандары. Президенттин маалымат кызматы "жооптуу министрликтерге жана мекемелерге мунапыс алгандардын үй бүлө, жакындарына кайтуусуна, социалдык жактан адаптация болуусуна, эмгекке тартылуусуна жана коомдо татыктуу орун табышына көмөктөшүү тапшырылат” деп билдирет.
Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда адам укуктарынын бузулушу, кыйноолор, саясий куугунтуктар боюнча көп сын айтылып келген. Ошондой эле кыз-келиндерге жоолукту чүмкөнүп салынууга уруксат берилчү эмес.