Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Грузияда шайлоо босогосу 1% түшөт


Парламенттин алдына каршылык акциясына чыккандар.
Парламенттин алдына каршылык акциясына чыккандар.

Грузияда оппозиция менен бийлик жекшембиде шайлоо эрежелерин өзгөртүүнү макулдашты. Сүйлөшүү АКШ элчисинин Тбилисидеги резиденциясында өттү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылкы шайлоодо парламентке өтүү босогосу 1% түшүрүлөт. Буга чейин босого 5% түзгөн. Ошондой эле 150 депутаттын 30у гана мажоритардык округдардан шайланмай болду. Акыркы чакырылышта 77 депутат партиялык тизме менен, 73 депутат мажоритардык округдардан шайланып келишкен.

Оппозиция 5% босого жаштардын же каражаты азыраактардын партиясын парламенттен четте калтырат деген жүйө келтирет. Андан тышкары мажоритардык – тагыраагы жеке талапкерге добуш берилген округдарда бийликчил «Грузин кыялы» партиясы "административдик ресурс колдонуп, жеңишке жетүүдө" деп каршылык билдиришкен.

Тбилисидеги парламент имаратынын алдындагы нааразылык акциялары былтыр ноябрдын ортосунан бери өтүп келди. Полиция бир канча ирет митингчилерди суу атып таратууга аракет кылды. Акцияга чыккандардын лидерлери бир нече ирет кармалып, административдик айыпка жыгылган.

Жыйындын соңунда парламент спикери Арчил Талаквадзе "бүгүнкү макулдашуу Грузияда демократиялык шайлоо өткөрүүгө бекем негиз болуп берет. Грузия демократияны чыңдоону улантууда. Бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аяктоосунан оболу өлкөбүз, коомубуз, эң башкысы бийлик утту" деди.

Грузияда парламенттик шайлоо 2020-жылдын октябрына белгиленген.

XS
SM
MD
LG