Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:23

Бишкекте коронавирустун алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү


Түлөөдөн кийин эт колунда жокторго таратылып берилген. Бишкек. 8-март, 2020-жыл.

Түлөөнү муфтият айрым жеке инсандар менен кошо 8-мартта Бишкектеги имам Сарахси атындагы башкы мечитте өткөрдү.

Анда Кыргызстан элин ар кандай кырсыктан, оорудан оолак сактоо кудайдан тиленди. Иш-чарага азирети муфтий баштаган бир катар диний жана коомдук ишмерлер, аксакалдар катышты.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызда «бөөдө кырсыктан, түрдүү балээден сактасын жана ооруга шыпаа берсин» деп кан чыгарып түлөө өткөрүү салты эзелтен бар экенин белгиледи.

Түлөөгө 2 бодо мал союлуп, эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилди. Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандар катталбаганын маалымдоодо.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG