Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Бишкекте сүрөт көргөзмөлөрү жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сүрөтчүлөр союзунун «Эмен багы» көргөзмө залында художник Андрей Зотовдун «Күндүн жети желеси» деген сүрөт көргөзмөсү өтөт. Натюрморт, пейзаж, портрет жана башка жанрдагы сүрөттөрүнүн көргөзмөсү 18-мартка чейин уланат.

Ал эми сүрөтчү Ринат Ханафеевдин «Күндүн түйүнчөгү» аттуу көргөзмөсү «Галерея М» сүрөтканасында 21-мартка чейин болот.

15-мартка чейин «Эки дүйнө» деген эл аралык көчмө көргөзмө жүрөт. Анда дүйнөнүн 25 өлкөсүндө жашаган немис калкынын тарыхы, салты жана учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу сүрөт, видеороликтер жана маалыматтар коюлган. Көчмө көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтөт.

Ал эми Ололо Эркиндик борборунда даректүү сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулган. Даректүү фотография ышкыбоздору андан белгилүү фотограф Эльер Нематовдун эмгектери менен тааныша алышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG