Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Пакистандагы чалгындоо операциясында армиянын полковниги мерт болду


Хайбер-Пахтунхва провинциясы.
Хайбер-Пахтунхва провинциясы.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы атышууда армиянын бир полковниги окко учту.

Жергиликтүү маалымат каражаттары коопсуздук күчтөрү Танк районунда «террорчулар бөгүп жаткан» жайларды аныкташ үчүн чалгындоо операциясы жүргүзүлгөнүн, анда эки «жоочу» өлтүрүлгөнүн жазышты.

Жоочулар жашырынып жаткан жайлардан ири өлчөмдөгү курал-жарак табылганы айтылды.

Мунун алдында Пакистан армиясы Ооганстан менен чектешкен аймактарды жоочулардан арылтуу операциясын өткөрөрүн маалымдаган. Бул райондордо маал-маалы менен ырайымсыз чабуулдар, жардыруулар болуп турат.

XS
SM
MD
LG