Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Москва: карантин режимин бузгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Москва шаарынын бийлиги коронавирус коркунучунан улам өзүн коомчулуктан обочо кармабай, карантинге жатпай койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Шаардык саламаттык сактоо департаментине жарыяланган маалыматка ылайык, илдеттин очогуна айланган өлкөлөргө барып келген жарандар өз эрки менен карантинде болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылары айтылат.

Бул Кытайга, Түштүк Кореяга, Иранга, Италияга, Францияга, Германияга жана Испанияга барып келген жарандарга тиешелүү.

Мунун алдында Москва шаарынын мэри Сергей Собянин «күчөтүлгөн даярдык режими» тууралуу буйрук чыгарган. Ага ылайык, вирус тез жайылып жаткан өлкөгө барып келген жарандар өз сапары тууралуу бийликке сөзсүз билдириши керек жана 14 күн карантинде жатышы зарыл. Ошондой эле ишкана-мекемелерде кызматкерлер менен жумушчулардын дене табын маал-маалы менен өлчөп туруу да каралган.

Орусияда карантин режимин бузган, маселен сыртка таштанды төккөнү чыккан адамдарга айып салынган учурлар катталды. Орусияда бул илдетти 17 адам жугузуп алды.

Дүйнө жүзү боюнча вирус жугузгандардын саны 110 миңден ашты. Ушул тапта оору Италияда тез жайылып жатат. Соңку бир күндүн ичинде 133 адам ажал тапты жана өлгөндөрдүн жалпы саны 360тан ашты. Ооруга кабылгандардын 750гө чамалады. Өлкө бийлиги 16 миллиондой адам жашаган түндүк облустарын карантинге жапты.

Кытайдын өзүндө бир суткада 28 адам, жалпы 3097 киши өлдү. Түштүк Кореяда 50, Иранда 194, Францияда 19, Жапонияда 14 адам көз жумду. Оорудан 58,5 миң адам айыгып чыкты. Коронавирус ушул тапта дүйнөнүн 94 өлкөсүндө катталды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG