Бул тууралуу Түштүк Кореядагы «Рёнхап» маалымат агенттиги Штаб башчылардын биргелешкен комитетине шилтеме кылып жазды. Ушуну менен Түндүк Корея соңку эки аптанын ичинде экинчи жолу ракета учурду жана бул аталган өлкөнүн армиясынын ракеталык бөлүмүнүн биргелешкен машыгуусу башталганынан кабар бериши ыктымал.
Маалыматтарга караганда, ракеталар Хамгён-Намдо провинциясындагы Сондок шаарынан анча алыс эмес жерде, Орусия менен чек арасынан 400 чакырым алыстыкта учурулду. Анын алыстыгы 200 чакырымга чамалады, бийиктиги болсо 50 чакырымга жетти. Бириккен штаб мындай машыгуу корей аралык макулдашуунун жоболорун бузарын эскертти.
Пхеньян 2020-жылдын эсебинен алгачкы ракетасын өткөн айдын башында сынаган. Анда Вонсан портунан көп алыс эмес аймактан жапон деңизин көздөй учурган. Анда ракетанын учуу аралыгы 240, ал эми бийиктиги 35 чакырымды түзгөн. Түндүк Корея бул машыгууга өлкө лидери Ким Чен Ын өзү жетекчилик кылганын маалымдаган.