Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аялдарга тилектештигин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынч жөө жүрүштү таркатууга байланыштуу билдирүү таратты. 9-мартта таратылган билдирүүдө:

«Милиция жана жүзүн беткап менен жашырган коркок эркектердин кечээки аракеттери Аялдардын эл аралык күнүндө Жеңиш аянтында чогулган жайкын аялдарды кордоо болуп эсептелет» деп айтылат.

Элчилик аялдардын жана кыздардын укуктарын коргогон аялдарга тилектештигин билдирип, кыргыз өкмөтүнүн органдары жана Жогорку Кеңештин депутаттары тынч митингдер Конституция аркылуу корголгонун, демократиянын маанилүү элементи экенин белгилеп келатышканын кошумчалаган.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» башталар алдында чогулгандарга белгисиз адамдар чабуул коюп, натыйжада милиция жүрүштү уюштуруучулар менен катышуучулардын жоон тобун кармап кеткен.

Кийинчерээк милиция «Феминалле» жана «8/365» коомдук кыймылдары Бишкек шаарынын бийлиги менен макулдашылбаган митинг уюштургандыгы үчүн активисттер кармалганын билдирген.

9-мартта милиция кармалгандардын ичинен тынч жүрүштүн алты катышуучусуна жана коомдук тартипти бузду деген беш кишиге айып салганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG