10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7...9 градус болот.