Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Иран бийлиги вирустан улам 70 миң адамды түрмөдөн чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иран бийлиги коронавирус коркунучунан улам 70 миңдей адамды мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарды. Сот системасынын өкүлү Эбрагим Раиси бул коомго коркунуч жаратат деген дооматарды четке какты жана абактан адамдарды эрте бошотуу жараяны дагы уланарын айтты.

Иранда өпкөнү сезгенткен вирусту жуктуруп алгандардын саны 6,5 миңден ашты жана оору 200гө жакын адамдын өмүрүн алды. Өлкө бийлиги мектептерди, жогорку окуу жайларды жапты. Ошондой эле маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтоду.

Дүйнө жүзү боюнча вирус жугузгандардын саны 110 миңден ашты. Ушул тапта оору Италияда тез жайылып жатат. Соңку бир күндүн ичинде 133 адам ажал тапты жана өлгөндөрдүн жалпы саны 360тан ашты. Ооруга кабылгандардын саны 750гө чамалады. Өлкө бийлиги 16 миллиондой адам жашаган түндүк облустарын карантинге жапты.

Кытайдын өзүндө бир суткада 28 адам, жалпы 3097 киши өлдү. Түштүк Кореяда 50, Иранда 194, Францияда 19, Жапонияда 14 адам көз жумду. Оорудан 58,5 миң адам айыгып чыкты. Коронавирус ушул тапта дүйнөнүн 94 өлкөсүндө катталды.

Москва шаарынын бийлиги коронавирус коркунучунан улам өзүн коомчулуктан обочо кармабай, карантинге жатпай койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Шаардык саламаттык сактоо департаменти жарыялаган маалыматка ылайык, илдеттин очогуна айланган өлкөлөргө барып келген жарандар өз эрки менен карантинде болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Орусияда бул вирусту 17 адам жугузуп алды.

XS
SM
MD
LG