Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Венесуэлада добуш санаган 50 миңдей аппарат өрттөнүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Андан сырткары баш калаа Каракастагы кампада сакталып турган, шайлоо маалында колдонулган 600дөй компьютер күйүп кетти. Бул тууралуу Түштүк Америкадагы аталган мамлекеттин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Техниканын жок болушу быйыл өтө турган парламенттик шайлоого кедергисин тийгизиши мүмкүн экени кабарланды.

Венесуэлада былтыр жыл башынан бери саясий кырдаал тынч эмес. Учурда парламенттеги көпчүлүк орундарды оппозиция ээлеп турат. Президент Николас Мадуронун саясий каршылаштары парламенттик шайлоонун ордуна президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG