Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 10:40

Италиянын түрмөлөрүндө тополоң чыкты


Тоз-тополоңдон пайдаланып, ондогон адамдар түрмөдөн качып кетти.

Италияда коронавирустан улам түрмөдө жаткандарга жакындары менен жолугушууга тыюу салынгандан кийин бир канча абакта тополоң болду. Анда бир түрмөдө барымтага алууга аракет болду, дагы башка абактарда эмерек-жабдуулар өрттөлдү. Тоз-тополоңдон пайдаланып, ондогон адамдар түрмөдөн качып кетти.

Түрмөлөрдө бери дегенде алты адам ажал тапканы белгилүү болду. Ушул тапта алардын өлүмү териштирилип жатат.

Италия бийлиги коронавирус тез жайылып жаткандыктан катаал чараларды көрүүдө. Өлкөнүн түндүгүндөгү бир катар облустар карантинге алынды.

Соңку бир күндүн ичинде коронавирус 1,5 миңдей адамдан табылды. Жалпысынан 300дөн ашык адам ажал тапты. Премьер-министр Жузеппе Конте "өлкө оор мезгилди башынан кечирип жатат" деп айтты жана эпидемияны жеңип чыгышарына ишеним билдирди.

10-мартта Европа Биримдигинин лидерлери телеконференция форматында жолугуп, жагдайды талкуулаганы жатат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG