Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Суданда өкмөт башчыга кол салуу болду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Өлкөнүн борбор шаары Хартумда премьер-министр Абдалла Хамдуктун кортежи өтүп бараткан жолдогу көпүрөгө коюлган, колго жасалган бомба жарылды. Мамлекеттик телеканалдар кол салууда эч ким жабыркабаганын билдиришти.

Абдалла Хамдук убактылуу өкмөттүн башчысы болуп былтыр августта дайындалган. Ал жетектеген өкмөт өлкөнү 30 жыл башкарган Омар ал-Башир былтыр апрель айында аскердик төңкөрүштүн негизинде бийликтен кулатылгандан кийин түзүлгөн.

Былтыр Омар ал-Башир коррупцияга айыпталып, эки жылга камакка алынган. Ага "Чет элдик валютаны мыйзамсыз сактоо", "Чек ара боюнча акча алуу жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоо" деген беренелер боюнча айыптар коюлган.

Мурдагы мамлекет башчы 75 жашка чыкканына байланыштуу жазасын түзөтүү борборунда өтөй турганы айтылган. Андан сырткары Эл аралык сот Омар ал-Баширди камакка алуу боюнча эки ордер чыгарган. Анда ага Судандын Дарфур провинциясындагы чыр-чатак учурунда геноцид кылган, адамзатка каршы кылмыштарды жана аскердик кылмыштарды жасаган деген айып коюлган. Омар ал-Башар күнөөсүн мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG