Грек өкмөтү Түркия менен чек арасындагы үч райондо чек ара тосмолорун узартканы жатат. Ага ылайык, узундугу 36 чакырымга жеткен тосмо курулмакчы.
Мунун алдында рсмий Анкара Сириядагы соңку жагдайдан улам Европаны эңсеген качкындардын саны дагы көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен. Түрк ички иштер министри Сулейман Сойлу түрк чек арасынан 143 миңден ашуун адам өткөнүн маалымдаган. Миграция боюнча эксперттер бул сан көбөйтүп айтылган болушу ыктымал дешет.
Мунун алдында Германия түрк-грек чек арасындагы мигранттар лагериндеги жардамга муктаж балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл аларын жарыялаган. 9-мартта башкаруучу коалицияга кирген фракциялар биргелешип тараткан билдирүүдө Берлин оор гуманитардык кырдаалга кабылган 1000-1500дей баланы кабыл алууга даяр экени жазылган. Кеп 14 жашка чыга элек, ата-энесинин же жакын туугандарынын коштоосуз жүргөн балдар жөнүндө болуп жатат. Алардын көбү ооруп жатканы айтылууда. Буга чейин лагердеги балдарды кабыл алууга даярдыгын Хорватия билдирген.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги билдиргендей, учурда Түркия менен Грекиянын чек арасында 116 миңдей качкын бар. Алардын 5500дөйү жакындары жок жүргөн балдар.
Эки жума мурда Түркия Европаны көксөгөн качкындардын жолун ачкан. Грек полициясы чек арадан өтүүгө аракет кылгандарды жаш агызчу газ атып жолун тосуп жатат.