Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Милиция жарандарды чагымга алдырбоого чакырды


Жеңиш аянты. 8-март, 2020-жыл.
Жеңиш аянты. 8-март, 2020-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-март күнү кечке жуук маалымат таратып, анда 10-мартта Бишкекте күтүлүп жаткан тынч митингдин катышуучуларына жана уюштуруучуларына каршы агрессивдүү чакырыктар болуп жатканын белгиледи. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Айзада Кубатованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча жарандар чагымга алдырбашы зарыл.

«Биз жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, ал эми митингдин уюштуруучуларын мыйзамдарды сактап, шаардын күнүмдүк жашоосуна аралашпоого үндөйбүз. Милиция өз кызматын өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыз кыла турганын да эскертебиз», - деди ал.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак жана беткап кийген белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер коё берилген.

Бул окуяны жарандык активисттер, укук коргоочулар сындап чыгышты. Сорос фонду марштын уюштуруучуларына карата милициянын аракетин айыптады. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы милиция кагылыштын алдын алганын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG