Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Өзбекстанда митингге катышкандар «башаламандыкты уюштуруучулар» деп аталды


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы эки күн катары менен Өкмөт Үйүнүн алдына чогулгандарды «башаламандыкты уюштуруучулар» деп атады.

4-мартта Жизак, Кашкадарыя, Фергана жана Ташкент облусунан келген 60 киши өкмөт имаратынын алдына чогулуп, президенттин элдик кабылдамасына кирүүгө мүмкүн болбой жатканына даттанган.

«Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялаган видеожазууда Улуттук гвардиянын жоокерлери бийликке нааразы кишилерди өкмөттүн имаратына киргизбей жатканын көрүүгө болот.

Акция катышуучуларынын бири укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны милиция бөлүмүнө алып барып сабашканын да билдирүүдө.

Өзбекстанда көйгөйүн айтыш үчүн президенттин элдик кабылдамасына кире албай калган жарандар буга чейин да нааразылык акцияларын уюуштуруп келишкен.

2018-жылы да Ташкентте милиция жана прокуратуранын аракетине даттанган топ аял Шавкат Мирзиёевдин администрациясына келген. Аларды өзбек лидери кабыл алган эмес. Аялдарын көбү «майда бейбаштык» үчүн айыпталып, он суткага камалган.

XS
SM
MD
LG