Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» программасында сүйлөп жатып ушундай пикирин билдирди. Ал Баш мыйзамдагы тынч митинг, чогулуштар тууралуу мыйзамды өзгөртүш керек деп эсептейт.
«Бул радикалдар чыгып, өз укугун таңуулап жатышат. Аларды тескей турган мыйзам жок. Эртең Конституцияга таянып алып, радикал исламисттер же радикал пацифисттер чыкса кандай болот? Баш мыйзамга жана «тынч митингдер тууралуу» мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор кириши керек», - деди Аскарбеков.
8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак жана беткап кийген белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер коё берилген.
Бул окуяны жарандык активисттер, укук коргоочулар сындап чыгышты. Сорос фонду марштын уюштуруучуларына карата милициянын аракетин айыптады. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы милиция кагылыштын алдын алганын билдирди. (ZKo)