Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Жалал-Абадда журналисттер жана мамкызматкерлер акысыз тил үйрөнүп жатышат


Жалал-Абад шаарындагы окутуу учуру.
Жалал-Абад шаарындагы окутуу учуру.

Жалал-Абад шаарында «Англис тили жаш ишкерлер үчүн» долбоорунун алкагында журналисттер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн акысыз англис тилин үйрөнүү курсу башталды.

Март айынан башталган окутууга 3 тайпада 90дой катышуучу сынак аркылуу тандалып алынган. 10 айлык окуу курсу каалоочуларга тил үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берип, атайын окуу куралдары менен да камсыз кылат. Жыйынтыгында тил өздөштүргөн катышуучуларга тесттен алган упайына жараша сертификаттар берилет.

Мындай окутуу Ош, Баткен, Каракол, Чолпон-Ата, Талас жана Нарын шаарларында да уюштурулду. «Лингва» инновациялык билим берүү фонду өткөрүп жаткан курсту Американын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо (RsK).

XS
SM
MD
LG