Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Отунбаева: Ички иштер министри кызматтан кетиши керек (видео)


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев жетектеген Ички иштер министрлигинин 8-марттагы аялдар маршына каршы аракеттерин сындап, министрдин кызматтан кетишин талап кылды:

«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер министри жооптуу. Ал кызматтан кетиши керек. Кыргызстандын абийирин төгүп аткан бир министр жана анын командасы болуп атат».

Мындай пикирин экс-президент 10-мартта Уркуя Салиева атындагы аянтта аялдардын укуктарын коргоо акциясы учурунда журналисттерге билдирди.

Отунбаеванын айтымында, 8-мартта тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтирди.

Экс-президент ошондой эле азыр коомдогу эң орчундуу маселе - аялдарга карата зомбулук болуп жатканын, буга бийлик кескин чара көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды.

Акцияга Роза Отунбаева, Мира Жангарачева, Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова баштаган коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышты. Акцияга милиция көз салып турат.

8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга чагым жасалып, милиция аларды кууп таркатып, кармап, 11 кишиге айып салган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

XS
SM
MD
LG