Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

11-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

11-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2, күндүзгү жогорку температурасы 10…12.

XS
SM
MD
LG