Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ош: мечиттерде уурулук кылып жүргөн киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мечиттерде акча, баалуу буюм жана кийим-кечек уурдап жүргөн деген шек менен Өзгөн районунун тургунун кармады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында кармалган тургун бир катар шаарлардагы, райондордогу мечиттерге ууруга кирип жүргөн.

«Ош шаарында жашап, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларына, Кочкор-Ата шаарчасына, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондоруна барып мечиттерден уурулук кылып келип, аларды сатып тиричилигин өткөрүп тургандыгын моюнуна алды», - деди ал.

Сыдыков кылмышка шектүү мурда да Жазык кодексинин «Тоноо» жана «Жаза өтөө мекемесинен качуу» беренелеринин негизинде жаза өтөп чыкканын кошумчалады. Милицияга быйыл мечиттердеги уурулук боюнча тогуз арыз келип түшкөн.

Кыргызстанда 3 миңге жакын мечит бар экендиги айтылып келатат. Алардын ичинен 1350гө жакыны Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында иш алып барат. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG