Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Ош шаардык соту Талгат Алановдун айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындады


Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

Ош шаардык соту Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Алановдун 2019-жылы 27-ноябрда басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов өзү маалымдады.

Буга чейин «коомчулукка жалган маалымат таратып, кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйө Талгат Алановго каршы «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин эки кызматкери, «Эркечтам» чек ара өткөрмө бекетинин бир кызматкери жана Алай районунун аймагындагы Сары-Таш чек ара заставасынын фелдшери сотко арыз жазышкан. Алар ар бирине 100 миң сомдон кенемте төлөп беришин арызда өтүнүшкөн.

Ош шаардык соту арызды ушул жылдын 9-мартында карады.

Талгат Аланов «Кылым шамы» уюму тарабынан каржыланган жактоочу сотто анын кызыкчылыгын коргоп жатканын кошумчалады.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Офицердин билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган.

Өзү иштеген мекемедеги коррупцияны айтып чыккан офицер Аскер прокуратурасындагы териштирүүнүн жыйынтыгы чыкпай туруп беш кызматташынын Ош шаардык сотуна кайрылуусу мыйзамсыз экенин айткан. (MdN)

XS
SM
MD
LG