Казак өкмөтү чет өлкөлүк валюта сатууга чектөө киргизди. Финансы министринин орун басары Берик Шолпанкуловдун айтымында, валютаны жөн гана сактоого сатып алууга болбойт. Жергиликтүү маалымат каражаттары Алматыдагы, Нур-Султандагы жана Чымкенттеги акча алмаштыруу жайлары соода башталгыча валюта сатууну убактылуу токтотушканын жазышты. Бир доллардын баасы 390 теңгенин айланасында болуп жатат.
ОПЕК уюму мунасага келе албай, апта башынан бери дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы кескин түшүп кеткен. Анын артынан орус рублинин куну качты. Рыноктогу абал казак улуттук акчасына чоң залакасын тийгизип, доллардын курсу көтөрүлдү. Премьер-министр Аскар Мамин өкмөт бюджеттин айрым чыгымдарын азайтарын билдирди. Президент Токаев антикризистик штаб түзүүнү тапшырды.
10-мартта Кыргызстанда да доллар кымбаттады. Коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.