Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эл аралык валюта базарындагы кырдаалдын сомго тийгизген таасири, улуттук валютанын курсун сактоо аракеттери тууралуу журналисттерге айтып берет.
Улуттук банк кечээ валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион долларды сатыкка чыгарды. Анын 4 миллиону накталай түрүндө сатылды.
Кыргызстанда доллардын баасы 10-март күнү кескин көтөрүлдү. Айрым коммерциялык банктарда 1 АКШ доллары эки күн мурункуга караганда үч сомго кымбат, дээрлик 73 сомдон сатылды.
Кечке жуук Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 70-71 сомдон сатып алынып, 73-74 сомдон сатылып жатты. Көпчүлүк акча алмаштыруучу жайлар доллар сатышкан жок.
10-мартта акча алмаштыруучу жайларда 1 евро 82-83 сомго чыкты. Орус рубли 1 сомдун айланасында, казак теңгеси 17-18 тыйындан сатылды.(ZKo)