Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Лейлек районун да кыдырат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 10-мартта Баткен облусунун Баткен районун жана Баткен шаарын кыдырып, анын алкагында Баткен чек ара отрядына барган жана бир катар мекемелердин ишин көрүп чыккан.
Мындан тышкары президент өрүктү, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды, айнек заводун, касапкана жана темир-бетон заводун куруу долбоорлору менен таанышып чыкты.
Ошондой эле мамлекет башчы Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо ишине күбө болду.
Өкмөттүн маалыматына караганда бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60% камсыздалган.
Мамлекет башчы 2024-жылгп чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси этап-этабы менен чечилерин билдирди. (ZKo)