Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет мамлекетке чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү дээрлик бир аптага кыскарды. Бул тууралуу 11-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мындай чечим чек арадан ID карта менен өтүүгө тыюу салынганына байланыштуу кабыл алынды.

«Буга чейин 18 күндүн ичинде жасалып берилген болсо, 11-марттан тартып алты күнгө кыскарып, 12 күндүн ичинде жасалып бермей болду», - деди ал.

Бейшеналиев белгилегендей, бул үчүн кошумча акы алынбайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте – күндүз да, түнкүсүн да иштейт.

Кыргызстандын чек арасынан кыргыз жарандарына ID-карта менен өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салынган. Жалпы жарандык паспорту жоктор ID-карта менен өтө алышат, бирок чек арадан жалпы жарандык паспорту бар-жогу текшерилет.

Өкмөт мындай чара дүйнөнү каптаган коронавирустун алдын алуу максатында көрүлгөнүн айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG