Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Мамдума Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачты


Мыйзамды 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген жок. 
Мыйзамды 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген жок. 

Орусияда Мамлекеттик Дума 11-мартта үчүнчү окууда Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Документти 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген жок.

Мыйзамда парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, ички мыйзамдар эл аралык макулдашууларга улуттук укук үстөмдүк кыла алары тууралуу жоболор каралган.

Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып ташталат жана мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

Владимир Путин 10-мартта Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып, мындай өзгөртүүлөрдү колдогон жана ага Конституциялык сот укуктук баа бериши керек экенин айткан. Эми бул мыйзам парламенттин жогорку палатасында - Федерация Кеңешинде каралмакчы.

Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, Конституцияны өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин айткан. Ошол эле күнү анын жарлыгы менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жоон топ адамдан куралган жумушчу топ түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG