Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан 1 млн. доллар талап кылгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аталган ишкана жетекчилигинен тендерде жеңип чыгыш үчүн акча талап кылган үч адамды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы 10-мартта кармады. Алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилеринин биринен Кара-Балта шаарындагы ичүүчү суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча жүргүзүлгөн тендерден утуш үчүн 1 млн. доллар талап кылышкан. Соодалашып, аягында 250 миң долларга чейин түшүрүшкөн.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, алдамчылардын бири, каракулжалык С. у. Ж. президент Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындары менен тыгыз мамиледе экенин айтып, маселени оң жагына чечип берүүгө убада берген. Ал мурда да алдамчылыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 38-беренеси («Кылмышка даярдык көрүү») жана 204-берененин 3-бөлүгү («Ири суммадагы алдамчылык») менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG